Wir verwenden Cookies, um die Benutzerfreundlichkeit dieser Webseite zu erhöhen (mehr Informationen).

Prof. Dr. Werner Gitt

Жаратуучу ким?

An verschiedenen Beispielen wird die Genialität der Schöpfung dargestellt. Als Wissenschaftler erklärt Prof. Dr. Werner Gitt, dass die unglaubliche Information, die in der ganzen Schöpfung steckt, einer intelligenten Quelle bedarf. Diese Quelle ist Gott selbst. Die Wissenschaft kann nur das "Was" analysieren, nicht aber das "Woher".

Das "Am Anfang schuf Gott Himmel und Erde" der Bibel gibt uns eine Antwort auf die Frage nach der Herkunft des Lebens. Der Gedanke, Gott hätte durch Evolution geschaffen (die so genannte "Theistische Evolution"), untergräbt die Autorität der Bibel und ist mit dem christlichen Glauben unvereinbar. Die Bibel zeigt deutlich, dass Jesus der Schöpfer ist. Jesus hat die Menschen geschaffen und liebt sie hingebungsvoll. Darum lädt Jesus dazu ein, diese Liebe anzunehmen.

Dieses Traktat eignet sich besonders gut zur Weitergabe an suchende Menschen!

8 Seiten, Best.-Nr. 123-15, Kosten- und Verteilhinweise | Eindruck einer Kontaktadresse


Жаратуучу ким?

Бизди курчап турган дүйнө

Тирүү жандыктарга байкоо жүргүзгөндө, алардын түзү­лү­шүнүн татаалдыгын, жашоо-тиричилигинин керемет ой­ло­нуштурулганын көрөбүз. Мисалы, сүт эмүүчү деңиз жа­ныбары кашалот 3000 метр тереңдикте сүзө алат, суунун үстүнө сүзүп чыкканда, ал кессон оорусуна чалдыкпайт. Ал эми тоңкулдак даракты болгон күчү менен ургуласа да, мээсине доо кетпейт.

Көпчүлүк учурда биздин жашообуз толук өрчүп калып­та­нып бүткөн органдардын жана системалардын (мисалы, жүрөк, боор, бөйрөк) туура иштөөсүнө көз каранды. Өрчүп бүтө элек, б.а., жаңыдан өрчүп келе жаткан же толук өрчү­бөй калган органдар менен системалар жашоого ийкемсиз. Дарвинизмди жактаган адамдар муну билип коюшу керек: эволюция – өнүгүү максаты жана келечеги белгисиз процесс, ал процесс качандыр бир убакта толук иштей турган орган­дар менен системаларды жаратабы же жокпу, белгисиз.

Көптөгөн келгин куштардын автопилоту болот, анын жар­дамы менен алар жаан-чачынга, ысык-суукка карабай, күн-түн дебей, бара турган жагына учуп жетишет. Мисалы, ыз­­гыт куш Гавай аралдарында кыштоо үчүн, Аляскадан учуп ке­лет. 4500 чакырымды учуп өтүшү үчүн керектелүүчү энергияга 70 грамм май талап кылынат. Ал эми 6,8 грамм май ар кандай күтүлбөгөн шар­ттарга туруштук бе­рүү үчүн сак­талуу турат.

Моллюсктардын бир түрү – нау­ти­лус деген суу жаныбары мүйүз сы­мал ийилген кабыкчанын сырт­кы учунда жашайт, кабыкчанын ичи бөлүкчөлөргө бөлүнгөн. Мол­люск сууга тереңдеп кирип бара жатканда, ал бөлүкчөлөргө газ толот да, анын калкып жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Суу ас­тын­да жүрүүчү кайыктарыбыз нау­­ти­луска салыштырмалуу ыңгайсыз жана бекем эмес. Бул жаныбар, адатта, 400 метр тереңдикте жашайт, түнкүсүн 100 метрге чейин жогору сүзүп чыгат.

Микроскоптун жардамы менен гана көрүнө турган ай­рым бактерияларда протондор аркылуу кыймылга келтирүүчү электр моторлору болот, бактериялар ошолордун жардамы менен ары-бери кыймылдашат. Көзгө илээшпеген кичи­не­кей мей­киндикте алты миллиард миллиметр куб өлчөмүндөгү ичеги таякчасынын (бактериясынын) ушундай 6 мотору, “элек­тростанциясы”, компьютер системасы жана көптөгөн хи­ми­ялык “фабрикалары” бар.

Ар бир тирүү клетканын түзүлүшү адам баласы ойлоп тап­кан техникадан он эсе татаал жана гениалдуу. Клеткада бир эле убакта ырааттуу жана өз ара бири-бирине дал келүүчү миңдеген химиялык процесстер жүрөт.

Тирүү клетканын ДНК молекуласынан биз эң жогорку маа­лымат жыштыгын табабыз. Төөнөгүчтүн башындай болгон нер­сеге ДНК молекуласынын материалы толтурулган деп коёлу. Кандай деп ойлойсуз, ДНК молекуласындагы маа­лымат канча чөнтөк китепчесине (болжол менен 160 беттен турган) батар эле? 15 биллион китепчеге батмак! Эгерде ал китепчелерди үстү-үстүнө коюп жыйнасак, алардын жыйын­дысы жер менен айдын аралыгынан 500 эсе бийик болмок. Жер­ден Айга чейинки аралык 384 000 км.

Ааламда 1025 жылдыз (25 нөл) бар. Аларды адам ба­ла­сы өмүрү өткөнчө санап бүтө албайт. Бир секундда 10 миллиард эсептөө операциясын жүргүзө ала турган ком­пью­терге аларды санап чыгышы үчүн 30 миллион жыл керек болмок.

Мына ушул бир нече мисалдын үстүнөн ой жүгүрткөн акыл­дуу адам ушундай керемет жаратылыштын кайдан ке­лип чыкканы тууралуу ойлонбой койбойт. Көптөгөн за­ман­даштарыбыз кабыл алган эволюция теориясы бул су­роого жооп бере албайт. Анткени ал теория баарын: ти­рүү клеткадагы маалыматтын эбегейсиз көптүгүн, жанды жа­на акыл-эсти материалисттик көз караш менен гана тал­куулайт. Информатиканын табигый мыйзамдары болсо информациянын материалдык нерсе эмес экенин, ал пайда болушу үчүн ар дайым интеллектуалдуу баштапкы булак, б.а., эрки бар жаратуучу болушу зарыл экендигин айтат.

Жаратылыштын кандай акылмандык жана кеменгерлик ме­нен жаратылганын карап туруп, таң калбай коё албайсың. Жа­ра­тылыштын өзү эле чыгармачыл Автор бар экенин да­лилдеп турат.

Туура жоопту кайдан табабыз?

Бизди курчап турган мейкиндик жана убакыт илимий изил­дөө­лөр чөйрөсүндө өлчөп-ченөө жана таразалоо ме­тод­до­рунун жардамы менен гана изилденет. Бирок “эмне” жа­ра­тылгандыгы гана изилденет да, анын “кайдан” келип чыккан­дыгы изилденбейт. Экинчи суроонун жообун берүүгө адамдын чамасы жетпейт, ошондуктан биз ал жоопту Жа­ра­туучунун Өзүнөн гана ала алабыз.

Биз ал жоопту кантип, кайдан ала алабыз? Библияданбы, Куранданбы же дүйнөлүк тарыхтын кайсы бир китебинен­би? Дүйнөдөгү диндер бири-бирине карама-каршы келген ар түр­дүү жоопторду беришет. Ал жооптордун баары же жал­ган бо­лушу керек, же алардын бирөө эле чындык бо­лу­шу керек. Чындыкты текшерүүдөгү эң маанилүү нер­се – аткарылган пайгамбарчылыктар. Библияда 3268 пай­гам­барчылыктын ат­ка­рылгандыгы тууралуу жазылган. Дүйнөдөгү бир да китеп мындай сапатка ээ эмес. Башка китептерге салыштырмалуу Би­блия – өзгөчө китеп. Ошон­дуктан мен үчүн Библия – адам­зат үчүн жазылган Кудай Сөзү. Анын эң биринчи ая­ты­нан эле “Эң башында Кудай ... жаратты” деген жоопту алабыз.

Жаратуучу Өзү ким?

Эч нерсе жокто эле Кудай бар болгон. Ал мейкиндик, убакыт жана материя пайда болгондон мурун эле бар болгон. Биб­лиядагы биринчи сүйлөмдү окуганда, дүйнөнү Кудай Өзү жалгыз жараткандай сезилет. Бирок Анын жалгыз жа­ра­тпаганын төмөндөгү аяттан окуйбуз: “Өзүбүзгө ок­шо­штуруп адам жараталы” (Башталыш 1:26). Жаратуу иш­ине Ыйык Рух да катышкан. Бул жөнүндө экинчи аяттан окуйбуз: “...Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүр­чү.” Библия бизге дароо эле бардык нерсени ачып бербейт, кадам сайын маалымат берет. “Жаратуучу ким?” деген суроонун жообу Жаңы Келишимде тагыраак айтылат. Корунттуктарга жазылган 1-каттын 8-бөлүмүнүн 6-аятында Ыйса Машайактын да жаратуу ишине катышкандыгы айты­лат: “Бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошон­­дой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз.”

Башталыш китебининин 1-бөлүмүнүн 1-аятындагы “Элохим” деген эврей тилиндеги сөз Жаратуучу Кудайдын көптүк сан­да экенин билдирет. Жаратуу ишине Кудай Өзү жалгыз катышпаганын түшүнүү үчүн, күндөлүк жашоодон мисал кел­тирсек болот: бүт үй-бүлөбүз менен чогуу машинага түшүп алып, досторубуздукуна бардык деп коёлу. Үйгө кайтар уба­кыт келгенде, мен үй-бүлө башчысы катары, ата катары: “Эми үйгө кетели”, – деп айтам. Мен көптүк түрдө айтсам да, машинаны бир эле адам, мен, айдайм. Машинаны бир га­на адам айдаганы менен, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да машинада отурушат.

Бул жөнөкөй мисал бизге Библияда айтылган жаратуу иши­нин ким тарабынан ишке ашырылганын түшүнүүгө жардам берет. Кудай дүйнөнү Ыйса Теңир аркылуу жараткан. Бул Эврей­лерге жазылган каттын 1-бөлүмүнүн 2-аятында так жазылган: “Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүй­лөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган”. Жакан жазган Жакшы Кабарда бардык нерсенин башталышы Ыйса экени баса белгиленет: “Бардыгы Ал аркылуу [Сөз аркылуу; Ыйса аркылуу] башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес” (Жакан 1:3).

Ыйса Машайак – Жаратуучу

Ыйсанын жаратуу ишине катышкандыгын Колосалыктарга жа­зылган каттын 1-бөлүмүнүн 16-17-аяттарынан окуйбуз: “Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана кө­рүн­бөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал [Ыйса Машайак] аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган. Ал бардык нер­седен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.” Көзгө көрүнгөн материалдык дүйнөдө Ыйса аркылуу жаратылбаган эч нерсе жок. Атомдун структуралык түзүлүшү, тирүү клеткалардын кичинекей де­тал­дары, ошондой эле эбегейсиз космос мейкиндиги, миллиондогон галактикалар Ал аркылуу жаратылган. Ыйса микро же макрокосмостун эле автору эмес, Ал бардык нер­сенин үстүнөн бийлик жүргүзөт.

Андан тышкары, бизге көрүнбөгөн нерселер да Ыйса аркы­луу жаратылган. Ал асмандагы сансыз периштелерди жа­рат­кан. Ыйса бул дүйнөнү Жаратуучу гана эмес, Сактоочу дагы. Ал аны дайыма бир калыпта кармап турат. Дүйнө жа­ра­тылгандан кийин кароосуз калган эмес. Кудай аны Өзүнүн кудуреттүү Сөзү менен сактап, ал үчүн кам көрүп турат. Ошондуктан биз космос кырсыктарынан, жылдыздардын кагылышуусунан, күндүн өрттөнүп кетүүсүнөн же тоңуп калуусунан коркпойбуз. Анткени Ыйса дүйнөнү Өзү кайра келгенче сактап турат. Нобель сыйлыгына ээ болгон Жак Монод айткандай, лотерея оюнунда кокусунан бир нерсе утуп алган сыяктуу адам баласы да кокусунан пайда болуп калган эмес. Биз белгилүү максат менен, башкача айткан­да, Ыйса үчүн жаратылганбыз. Бул максатсыз биз жашообузду курулай эле өткөрүп коёбуз.

Ыйсанын Байыркы Келишимдеги жаратуу иши

Накыл сөздөр китебинин 8-бөлүмүнүн 22-24, 30-аяттарында мындай деп жазылган: “Теңир мени Өзүнүн жолунун баш­талышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан. Мен кылымдар му­рун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам. Мен түпсүз туңгуюктар жарала элек­те эле, суусу мол булактар жарала электе эле тө­рөл­гөм. Мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым ку­ба­нып турчумун.” Сүрөтчү деген сөз Ыйсанын да жаратуу ишине катышкандыгын билдирет. 101-забурдун 26-аятынын мааниси Жаңы Келишимдеги Эврейлерге жа­зыл­ган каттын 1-бөлүмүнүн 10-аятында ачылат жана ал жерде да Ыйса тууралуу айтылат: “Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.”

Жаратуу иши кантип ишке ашкан?

Библия бизге Жаратуучунун жаратуу жолдорун ачып берет:

  • Кудай Өз Сөзү аркылуу (Забур 32:6; Жакан 1:1-4);
  • Кудай жок нерседен жараткан (Эврейлерге 11:3);
  • Кудай Өз күчү менен (Жеремия 10:12);
  • Кудай Өз акылмандыгы менен
    (Забур 103:24; Колосалыктарга 2:3);
  • Кудай Өз каалоосу менен (Башталыш 1:26; Аян 4:11);
  • Кудай Өз Уулу аркылуу
    (Жакан 1:1-4; 1:10; Колосалыктарга 1:15-17);
  • Ыйсанын мүнөзүнүн негизинде
    (Матай 11:29; Жакан 10:11).

Бул факторлор жаратылыш мыйзамдарына баш ийбейт, ошон­дуктан аларды ишеним аркылуу гана түшүнүүгө болот. Азыркы учурдагы жаратылыш мыйзамдары биз жашап жат­кан дүйнөдөгү процесстерди жөнгө салып турат. Бирок дүйнө ал мыйзамдардын негизинде жаратылган эмес, тес­ке­ри­синче, алар жаратылган дүйнөдөн келип чыккан.

Ыйса Машайак аркылуу эмнеге ээ болобуз?

Ыйса – биз үчүн пайдубал. Биз жашообузду Анын үстүнө ку­ру­шубуз керек. Курулуш иштери үчүн карыз бере турган бир кредиттик уюмдун “Бул таштын үстүнө курсаңар болот” деген урааны бар. Биз болсо сизге “Сиз өз жашооңузду Ыйсанын үс­түнө кура аласыз” деп айта алабыз. Ыйса – жаратылган дүйнөнүн, Библиянын, ишенимдин, куткарылуунун, тын­чтык­тын, үмүттүн, Кудай Атага баруучу жолдун, жашоонун мак­са­ты менен маанисинин булагы.

Ыйса – адамдар ойлоп тапкан ар кандай системаларды тал­калай ала турган бекем аска (1 Корунттуктарга 10:4). Эгерде Кудай: ”Даанышмандардын даанышмандыгын жок кы­лам” (1 Корунттуктарга 1:19), – десе, анда аны аска Ыйса гана жок кыла алат. Ал Аскага эч бир идеология, атеизм жа­на эч бир эволюциялык теория туруштук бере албайт. Алардын өкүлдөрү азыр бул дүйнөнүн Жаратуучусунан жа­на Куткаруучусунан баш тартып жатышканы менен, качандыр бир кезде Теңирдин алдында тизе бүгүшөт. «Ыйсанын ысы­мынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, “Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы” деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды» (Фи­ли­пи­ликтерге 2:10).

Эмне үчүн эволюция теориясы коркунучтуу?

Бул теория бизге бул дүйнө тууралуу жалган түшүнүк га­на бербестен, немец жазуучусу Жан Поль: “Кудай жок... Кыбыр эткен жан, “как” эткен карга, “кук” эткен кузгун жок боштук! Качып кутулгус муздак түбөлүктүүлүк! Маани-маңызы жок кокустук! Ар бирибиз бул чексиз ааламда жалгызбыз”, – деп сүрөттөгөндөй, үмүтсүздүккө алып барып такайт.

Эволюция теориясы бул дүйнөнү Жаратуучусу жок жа­рал­ган деп түшүндүргөнгө аракеттенет. Ал адамдарды атеизмге тартууга болгон күчүн жумшайт. Бирок биз, Ыйса эс­керт­кен­дей, атеисттик көз карашыбыз менен тозокко түшөбүз: “Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталынат” (Марк 16:16). Кээ бирөөлөр эволюцияны Кудайдын жаратуу жолу деп тү­шүн­дү­рүүгө аракет кылышат. Эгерде Кудай эволюция аркылуу жараткан болсо, анда

  • биринчи адам менен аял болмок эмес;
  • күнөө жок болмок;
  • Кудай өлүмдү жаратуу ишинин куралы катары колдонмок;
  • күнөөкөр Адамдын карама-каршысы, “акыркы Адам” (1 Ко­рунттуктарга 15:45) деп аталган Ыйсанын айкаш жы­гач­та биз үчүн ишке ашырган куткаруу ишинин маа­ни­си жок болмок.

“Теисттик” деп аталган эволюциялык көз караш Библияны чет­ке кагат. Ошондуктан биз мындай туура эмес түшүнүктү четке кагалы.

Өтө таң каларлык чындык

Биз Ыйсаны бардык нерсенин Жаратуучусу катары таа­ныдык. Ал – Асман Падышачылыгынын Эгедери, тү­­бө­­лүк­түү падыша. Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Ага берилген (Матай 28:18). Төмөнкү таң каларлык чындыкка көңүл бурсаңыз: Голгофадагы айкаш жыгачка кадалган Адам (Ыйса) жана бул дүйнөнүн, бардык тирүү жандыктардын Жаратуучусу – бир эле Инсан! Ал бизди чексиз сүйгөндүктөн, айкаш жыгачта өлүп, биз үчүн ас­ман­га жол ачты. Ким муну четке какса, ал баарын жоготот: “Ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз?” (Эврейлерге 2:3). Ким Аны кабыл алса, ал бардык нерсеге ээ болот: “Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү” (Жакан 5:24).

Кудайдын алдында соттолбош үчүн, бардык күнөөлөрүңүз үчүн Ыйса Те­ңир­ден кечирим сураңыз. Аны Жаратуучу жана Куткаруучу катары кабыл алып, Анын артынан ээрчиңиз.

Технология илимдеринии доктору,
профессор: Вернер Гитт