Prof. Dr. Werner Gitt
Kirgisisch: Wie komme ich in den Himmel?
Мен бей ишке кан тип кире алам?
Die grundlegende Frage, die suchende Menschen sich stellen, wird hier von Prof. Dr. Werner Gitt beantwortet. "Wie findet man den Himmel?" Auf jeden Fall nicht durch eigene Anstrengungen oder Konzepte. "Was aber bringt uns wirklich in den Himmel?" Gott hat die Einladungen für den Himmel schon verteilt wie im Gleichnis des Menschen, der zu einem großen Fest Einladungen verschickte. Doch viele Menschen redeten sich heraus.
Prof. Dr. Gitt ruft dazu auf, nicht so "kurzsichtig" wie diese Leute zu sein. Jesus will uns vor der Hölle erretten und diese wird kein Vergleich zu der sogenannten "Hölle von Auschwitz" sein. Er hat am Kreuz für unsere Schuld bezahlt, wir müssen diese Einladung nur annehmen, dann ist ein Platz im Himmel "gebucht". Ein Entscheidungsgebet soll den Lesern dabei helfen.
Dieses Traktat eignet sich besonders gut zur Weitergabe an suchende Menschen!
8 Seiten, Best.-Nr. 120-15, Kosten- und Verteilhinweise | Eindruck einer Kontaktadresse
Мен бейишке кантип кире алам?
Жашоосунун акыры жөнүндө ойлонгон ар бир адамда тозок, бейиш тууралуу суроо болот.
Жети жашында “Башка планеталык адам” аттуу фантастикалык фильмде башкы ролду ойноп, кино жылдызы болуп калган америкалык актриса Дрю Бэрримор 28 жашка (1975-жылы төрөлгөн) чыкканда, мындай деген эле: “Эгер мен мышыгымдан мурдараак өлсөм, менин күлүмдү ага жегизгиле. Бир аз болсо да, мышыктын ичинде жашап турайын”. Өлүм тууралуу ушундай түркөй түшүнүктө болуу кандай коркунучтуу!
Жердеги кызматы учурунда Ыйсага көп адамдар жардам сурап келишчү. Алардын муктаждыктарынын дээрлик бардыгы күнүмдүк жашоого байланыштуу болчу, мисалы:
- Пес оорулуу он адам айыгууну каалаган (Инжил, Лука 17:13);
- Сокурлар көрүүнү каалашкан (Инжил, Матай 9:27);
- Мурас бөлүштүрүү маселесинде бир адам Ыйсадан жардам күткөн (Лука 12:13,14);
- Фарисейлер Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, Рим падышасына салык төлөө туура же туура эмес экенин билүүнү каалашкан (Матай 22:17).
Бейишке кантип кирүү керектигин билүү үчүн, Ыйсага аз эле адам кайрылган. Бир бай, жаш жигит Андан мындай деп сураган: “Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, эмне кылышым керек?” (Лука 18:18). Ыйса ага колунда болгон нерсесинин баарын, жүрөгү байланган нерселердин баарын сатып, Өзүнүн артынан ээрчүү керектигин айткан. Ал жигит өтө бай болгондуктан, бул кеңешти четке каккан. Ошентип, ал бейишке кирүүдөн өз ыктыяры менен баш тарткан. Бейиш жөнүндө таптакыр ойлонбогон адамдар да болгон. Бирок Ыйса менен жолугушкандан кийин, бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп калгандар да болгон. Закай деген адам Ыйсаны жөн эле көргүсү келген. Бирок ал оюндагыдан да чоң нерсеге ээ болгон. Ыйса Закайдын үйүнө конокко барганда, ал бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн алган. Ыйса мындай деген: “Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди” (Лука 19:9).
Бейишке кирүү мүмкүнбү?
Жогоруда айтылгандардан улам төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарууга болот:
- Бейишке кирүү мүмкүн. Бул нерсени билип алган жакшы. Анткени сиз үчүн, урматтуу окурман, бүгүн Кудай менен элдешип, түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү, б.а., бейишке кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
- Бирок кандайдыр бир жакшы иштерди аткаруу аркылуу бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайбыз.
- Бейишке кирүү үчүн кандайдыр бир даярдык көрүүнүн кереги жок.
Бул тууралуу Кудай Өзү эмне дейт? Бейишке кирүү үчүн, Кудайдын сөздөрүнө негизделбеген аракеттерди кылсак, туура эмес кылган болобуз. Бир ырчы көп жылдар бою циркте иштеген клоун жөнүндө мындай деп ырдаган: “Ал сөзсүз бейишке кирет, анткени адамдарга кубаныч тартуулаган”.
Бир бай аял 20 жакыр аял үчүн бекер жашай турган үй курдуруп, ал аялдарга төмөн0дөгүдөй шарт койгон: “Менин жанымдын куткарылышы үчүн, күнүнө бир саат сыйынышыңар керек”.
Чындыгында, биз бейишке кантип кире алабыз?
Бул суроого так жана ачык жооп берүү үчүн, Ыйса төмөндөгү үлгү-насаат аңгемени айткан. Инжил китебинде чоң той (той бейишке салыштырылат) өткөрмөкчү болгон бир киши (киши Кудайга салыштырылат) тууралуу айтылат. Ал көп адамдарга чакыруу кагаздарын таратат. Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай башташат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек...” – десе, экинчиси: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү барам...” – дейт, үчүнчүсү болсо: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – деп жооп берет.
Ыйса үлгү-насаат аңгемесин чакыруучунун сөзү менен аяктайт: “...силерге айтып коёюн, мурунку чакырылгандардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт” (Лука 14:24).
Бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларыбызды же аны жоготуп коё аларыбызды ушул нерседен ачык көрүгө болот. Биздин тагдырыбыз эки нерсеге байланыштуу чечилет: чакырууну кабыл алабыз же четке кагабыз. Мындан өткөн жөнөкөй жол болобу? Көп адамдардын бейишке кирбей калышы кандай жол менен барууну билишпегендигинен эмес, чакырууну кабыл алышпагандыгынан. Үлгү-насаат аңгемедеги чакырыкты кабыл албай, тойго келбей койгон адамдардай болбошубуз керек. Бирок той аларсыз деле өттү! Чакырылгандардын тойго келбей тургандыгын билгенден кийин, үй ээси чакыруу кагазын бардык адамдарга таратты. Ал чакыруу кагазын мурдагыдай кылып кооздоп жасаган жок, “Келиңиз!” деген эле жөнөкөй сөз жазып койду. Бул чакырыкты кабыл алган ар бир адам тойдон орун алмак. Анан эмне болду? Адамдар агылып келе башташты. Бир канча убакыттан кийин үй ээси конок үйдө отурган адамдарды карап, дагы бош орундар бар экенин көрдү да, кулдарына мындай деди: “Баргыла, дагы чакыргыла!”
Бул үлгү-насаат аңгеме биздин бугүнкү абалыбызды чагылдырып турат. Бейиште дагы бош орундар бар. Кудай сизге мындай дейт: “Кел, бейиштен өзүңө орун ээлеп кой. Акылдуулук кылып, бүгүн эле өзүңө бейиштен орун алып кой!”
Бейиш сүрөттөлүп бере алгыс ажайып кооз болгондуктан, Ыйса аны эң чоң тойго салыштырат. Инжил китебинде бейиш жөнүндө мындай деп жазылган: “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон” (1 Корунттуктар 2:9). Жер бетинде бейишке салыштыргыдай эч нерсе жок.
Бейиштин канчалык сонун экендигин биз элестете да албайбыз! Бейиш ченемсиз баалуу болгондуктан, бул мүмкүнчүлүктү коё бербешибиз керек. Кудайдын Уулу Ыйса биз үчүн бейишке эшик ачты. Эми бардыгы биздин каалообузга жараша чечилет. Ким үлгү-насаат аңгемедеги үч кишиге окшош болсо, ал чакырыкты кабыл албайт.
Адамзатты Ыйса Теңир гана куткара алат
Инжил китебинен төмөндөгү маанилүү сөздөрдү окуйбуз: “Теңирдин (Ыйсанын) ысымын чакырган ар бир адам куткарылат!” (Элчилердин иштери 2:21). Бул – Инжилдеги эң маанилүү аят. Элчи Пабыл менен Сылас Ыйсага ишенишкендиги үчүн Филипи шаарында түрмөдө отурушканда, түрмө сакчысы менен сүйлөшүшкөн. Алар ага мындай дешкен: “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат” (Элч.иш. 16:31). Кыска жана так айтылган бул сөз адамдын жашоосун өзгөртө алат. Ошол эле түнү түрмө сакчысы Кудайга кайрылып, түбөлүк өмүргө ээ болгон.
Ыйса эмнеден куткара алат? Ал түбөлүктүү тозоктон куткарат! Биз муну сөзсүз билишибиз керек. Ыйык Жазууда бейиштин да, тозоктун да түбөлүктүү экендиги айтылган. Бейиште эң сонун, ал эми тозокто коркунучтуу. Бул экөөнөн башка жер жок! Өлгөнүнө 5 мүнөт болгондон кийин, эми баары бүттү деп, эч ким айта албайт. Бардык нерсе Ыйса Машайак аркылуу чечилет. Биздин кайда болорубуз Ага жана Аны менен болгон мамилебизге көз каранды.
Бир жолу мен Польшага лекция окуганы барганда, мурдагы концентрациялык лагерь Освенцимге (Польшадагы концентрациялык лагерлер жайгашкан жер) бардым. Ата мекендик согуш учурунда ал жерде коркунучтуу окуялар болгон. 1942-жылдан 1944-жылга чейин ал жерде 1,6 миллион адам, көбүнчө эврейлер газ менен ууландырылган жана тирүүлөй өрттөлгөн. Адабиятта ал “Освенцим тозогу” деп айтылат. Топтун жетекчиси бизге 600дөй адамдын бир убакта өлтүрүлгөндүгү жөнүндө айтып жатканда, мен бул аталыш тууралуу ой жүгүрттүм. Бул чындап эле тозок болгонбу?
Биз бүгүнкү күндө ошол газ бөлмөлөрдү карап чыга алабыз, анткени 1944-жылдан бери ал жерде эч ким ууландырылып өлтүрүлбөйт. Освенцимдеги газ бөлмөсү убактылуу эле болгон, ал эми тозок түбөлүктүү.
Освенцимдеги музейдин кире беришиндеги бир сүрөткө көзүм кадалды. Ал айкаш жыгачка кадалган Ыйсанын сүрөтү эле. Туткунга түшкөн бир адам дубалга өзүнүн үмүтүн мык менен тартыптыр. Ошол сүрөтчү да ушул газ бөлмөсүндө өлгөн. Бирок ал Куткаруучу Ыйсаны билген. Ал коркунучтуу жерде өлгөн, бирок ал үчүн бейиш ачык болгон. Инжилде Ыйса Теңир тозоктон качышыбыз керек экендигин эскертет (мисалы: Матай 7:13; 5:29-30; 18:8). Тозокко түшкөндөн кийин, кутулуп чыга албайсың, ошол жерде түбөлүккө калып кыйналасың. Освенцимге салыштырмалуу тозок түбөлүк “иштейт”, ал жакка убактылуу саякатка барып келүү мүмкүн эмес.
Бейиште да түбөлүк жашоо бар. Кудай бизди ошол жакка алып барууну каалайт. Ошондуктан Кудайга келиңиз! Теңирдин ысымын чакырып, бейиштен алдын ала орун алып коюңуз!
Бир жолу лекциядан кийин бир аял мындай деп сурады: “Бейиштен алдын ала орун алып койсо болобу? Бул нерсе саякат бюросуна окшош экен”. Мен анын айтканына кошулдум: “Ким алдын ала орун алып койбосо, ал максатына жетпейт. Сиз Гавай аралдарына баргыңыз келсе, сөзсүз билет аласыз да”. Ал мындай деп жооп берди: ”Бирок билетке акча төлөө керек да?!” “Албетте, бейишке барыш үчүн да билетке акча төлөшүңүз керек! Бирок ал билет өтө кымбат тургандыктан, аны эч ким төлөй албайт. Бейишке барууга күнөө тоскоолдук кылат. Анткени Кудай бейишке эч бир күнөөнү киргизбейт. Бул жашоосу бүткөндөн кийин, өмүрүн бейиште, Кудайдын жанында өткөрүүнү каалаган адам адегенде күнөөсүнөн арылышы керек. Бизди күнөөсү жок, адам болуп жерге келген Ыйса Машайак гана күнөөдөн арылта алат. Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кунун Өзүнүн каны жана айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу төлөгөн”.
Бейишке кириш үчүн эмне кылышым керек?
Кудай ар бирибизди Өзү тартуулаган куткарылууну кабыл алууга чакырат. Ыйык Жазуунун көп жеринде Кудайдын чакыруусуна жооп беришибиз керек экендиги тууралуу жазылган:
- “Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле!”
(Лука 13:24). - “Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды” (Матай 4:17).
- “Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз” (Матай 7:13-14).
- “Түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың” (1 Тиметей 6:12).
- “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо куткарыласың” (Элч.иш. 16:31).
Бул чакырыктардын баары абдан таамай, так айтылган жана олуттуулукту, чечкиндүүлүктү, кийинкиге калтырбоо милдетин талап кылып турат. Бул чакырыкка туура жооп болжол менен төмөндөгүдөй сыйынуу менен коштолушу керек:
“Ыйса Теңир, мен бүгүн Сен аркылуу гана бейишке чыга аларымды окудум. Мен Сени менен чогуу бейиште болгум келет. Күнөөлөрүмдүн айынан түшө турган тозоктон мени куткара көр. Сен мени сүйгөндүктөн, мен үчүн айкаш жыгачта өлгөнсүң жана менин күнөөлөрүм үчүн жазалангансың. Сен менин бала кезимден берки күнөөлөрүмдүн баарын билесиң. Сага менин азыр мойнума алып жаткан күнөөлөрүм да, эчак унутуп койгон күнөөлөрүм да белгилүү. Сен менин ойлорумду да билесиң. Сенин алдыңда мен ачылып турган китептеймин. Мен азыркы абалым менен бейишке кире албайм. Менин күнөөлөрүмдү кечире көр, аларды кылганыма өкүнөм. Менин жүрөгүмө кирип, бейишке кирүүгө тоскоол болуучу нерселердин баарынан тазалачы. Жаман адаттарымдын баарын Сенин алдыңа алып келем, мени алардан арылтып, Өзүңө жаккан адаттарды берчи, суранам. Сенин сөзүңдө – Тоорат, Забур, Инжилди (Библияны) түшүнүүгө тунук акыл бере көр. Китебиң аркылуу мага эмнени айткың келерин түшүнүүгө жардам берчи, Сага жаккан нерсени кылууга даяр жүрөк берчи. Ушул сааттан баштап менин Теңирим боло көр. Мен Сени ээрчигим келет, жашоомдо Өзүң мага багыт берип тура көр. Сыйынуумду уккандыгың үчүн, мен эми Кудайдын баласы болуп калгандыгым үчүн жана келечекте Сени менен чогуу бейиште боло тургандыгым үчүн Сага ыраазымын. Оомийин”.
Технология илимдеринии доктору, профессор: Вернер Гитт